27 апрель 2026

Кароолор: 10

Баткен облусунун дарыгерлери үчүн инсульт жана неврология оорулары боюнча илимий-практикалык конференция өттү

Баткен облусунун дарыгерлери үчүн инсульт жана неврология оорулары боюнча илимий-практикалык конференция өттү

«Шашылыш жана реабилитациялык неврология» аттуу илимий-практикалык конференция И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын Баткен шаарындагы №6 Академиялык клиникасында өттү.

Иш-чара мээ кан айлануусунун курч бузулушу, мээ комасы менен ооругандарга медициналык жардам көрсөтүү маселелерине, ошондой эле реабилитациялык иш-чараларга арналды.

Иш чарага КРнын Президентинин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Жаныбек Исаков катышып, мындай окутуулар дарыгерлердин кесиптик деңгээлин жогорулатууга, заманбап ыкмаларды өздөштүрүүгө жана бейтаптарга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүүгө өбөлгө түзөрүн белгиледи.

Илимий конференциянын жүрүшүндө төмөнкү темаларда баяндамалар жасалды:

«Ишемиялык жана геморрагиялык инсульт: 2026-жылдагы клиникалык протоколдорду ишке киргизүү»;

«Мээ комалары: диагностиканын жана дарылоонун өз убагында жүргүзүлүшү»;

«Инсульттан кийинки реабилитация».

Конференциянын жыйынтыгында катышуучулар инсультту эрте аныктоо, өз убагында жана туура дарылоо, ошондой эле бейтаптарды натыйжалуу реабилитациялоо боюнча тажрыйба алмашып, бул багыттагы иштерди мындан ары да күчөтүү зарылдыгын белгилешти.